ВАШИНГТОН. АКШнын жетекчилиги кечээ Вашингтондо Сенаттын имаратында рицин деген уулуу зат табылганын ырастады. АКШ сенатынын көпчүлүгүн түзгөн республикачылардын өкүлү, билими боюнча дарыгер Билл Фрист рицин затын дем алган киши каза болушу ыктымал экенин белгилеп, ал уулуу зат, тилекке жараша, эч кимге зыян келтирбегенин айтты.
- Имараттан уулуу газдын табылганы бизди абдан санааркатты. Аны дем алган адамдарда, ары дегенде, 8 сааттын ичинде уулануунун белгилери пайда болууга тийиш. Ал убакыт өттү, бирок баары жайында көрүнөт, уулангандар болгон жок, - деди сенатор.
Рицин уусу кобра жылаанынын уусунан эки эсеге коркунучтуу жана кишини бир нече сааттын ичинде өлтүрүп койушу ыктымал.