Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Түндүк Ирактагы бомбалоонун курмандыктары 100дөн ашты


Бул тууралуу Арбил шаарында Күрдистандын Демократиячыл партиясынын сыналгысы кабарлады. Курман айттагы эки жанкечтинин эки башка чабуулунда ажал тапкандардын саны 101ге жеткенин америкалык расмий өкүлдөр да ырасташты.
Күрттөрдүн эки партиясынын баш кеңселеринде орун алган жардыруудан жарадар болгондордун саны мурда айтылгандай 200 эмес, 133 экени белгилүү болду.
Кечээ Багдадда колго жасалган бомба жол боюнда жарылганда бир америкалык аскер каза таап, дагы бири жараат алды.

XS
SM
MD
LG