Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

“Канаттуулар сасык тумоосунан” каза болгондордун саны 14кө жетти


ХАНОЙ. Вьетнамда 17 жаштагы кыз “канаттуулар сасык тумоосунан” каза тапты. Шаардык институттун директору Нгуиен Тай Ким Тиндин айтымында, көз жумган кыз дагы буга чейин ушул эле илдеттен каза болгон вьетнамдыктар сыяктуу H5N1 вирусунан жапа чеккен.
Бул – Азия аймагында тараган кеселден көз жумган он төртүнчү адам. Баары болуп оорудан вьетнамдык 10, таиланддык 4 атуул каза тапты.
Ушул тапта Рим шаарында бул илдетке каршы күрөштү талкуулаган эларалык илимий жыйын өтүүдө.

XS
SM
MD
LG