Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

БУУ өз өкүлдөрүн Иракка жиберет


НЬЮ-ЙОРК. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан “Иракта 30-июнда шайлоо өткөрүүгө мүмкүнбү же жокпу?” деген суроого так жооп алуу максатында Иракка Улуттар уюмунун өкүлдөрүн жиберээрин кечээ АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугушуудан кийин билдирди:
- Мен жөнөтүп жаткан өкүлдөр Ирактын тургундарын башкы максатка жетиш үчүн алгач убактылуу өкмөттү түзүүдө бир ымалага келип, ынтымакта чогуу ойлонууга түрткү берүүчү рол ойнойт деп ишенем. Бирок, Кофи Аннан Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Иракка качан жөнөп кетээрин так айткан жок.
Кошмо Штаттардын Ирактагы жетекчилиги болсо “30-июнда өлкөдө шайлоо өткөрүп, бийликти Ирактын убактылуу өкөмтүнө өткөрүп берүү эртелик кылат” деген пикирди айтууда.

XS
SM
MD
LG