СЕУЛ. Бүгүн Түндүк Кореянын бийлиги кеңири кыргын салуучу куралдарды жасоо боюнча программасынан баш тартканы үчүн ырасмий Сеул Кошмо Штаттардан компенсация талап кылаарын дагы бир ирет эскертти. Бул тууралуу Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн бүгүн Сеулда өткөн жолугушуусунда Түндүк Корея делегациясынын жетекчиси Ким Роңг Сонг билдирди:
- Эгер Кошмо Штаттары үчүн бир эле учурда бир канча иш-аракеттерди жасоо принциби оор болсо, биз өзөктүк куралдар боюнча программабызды токтотконубуз үчүн компенсация талап кылабыз. Тоңдурганыбыз үчүн компенсация.
Кечээ – шейшембиде Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасынан баш тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга макул болгон. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдары боюнча сүйлөшүүлөр алты мамлекеттин - АКШ, Орусия, Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын катышуусу менен 25-февралда өтүшү күтүлүүдө.