Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Дөбөлү айылында малдын шарп ылаңы күчөгөндүгү айтылууда


НАРЫН. “Нарын районунун Дөбөлү айылында малдын шарп ылаңы күчөдү” деген маалыматты аталган айылдын мурдагы тургуну, азыр Нарын шаарында жашаган Ырысбек Турганбаев “Азаттыкка” мындай деп билдирди:
- Шарп оорусунан ѳлгѳн уйларды токойго алып барып таштаган учурлар болууда. Ошол токойдун жээгинде турган Кадыр деген адам да ѳлгѳн торпогун токойго алып барып таштаптыр. Ал уйдун өлүгүн карга, кузгун талап, ылаңдын кайра таркалуусу байкалып жатат.
Бирок, Ырысбек Турганбаевдин бул маалыматын облустук ветеринария башкармасынын жетекчиси Жалил Алымкулов четке какты. Анын айтымында, облус аймагындагы уйлар шарп ылаңынын жеңил түрүнѳ кабылышкан. Анткени, ѳткѳн жылы облус боюнча жаз мезгилинде 112102 баш, күзүндѳ 107700 баш уйга шарп ылаңынын "А" жана "О" тибине каршы вакцина алдын-ала сайылган. «Вакцина куюлбаган жаш музоолор ѳлүмгѳ учурашы мүмкүн, бирок, мал ѳлүмү тууралуу бизге эч бир маалымат түшѳ элек», - дейт Жалил Алымкулов. Ал шарп ылаңынын жайылышына себепкер болгон атуулдар такталып, алардын иши укук коргоо органдарына берилип жаткандыгын билдирди.


Алатоо кабарларын Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты

Редактор - Бурулкан Сарыгулова

XS
SM
MD
LG