Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Киевде КМШны чыңдашат


БИШКЕК. 5-6-февралда Украинанын борбору Киевде КМШнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, анын органдарынын эффективдүүлүгүн арттыруу жана кызматташуунун жаңы формаларын табууга арналган жыйын болот. Ага Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эсенгул Өмүралиев катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов билдирди. Маалыматка караганда, жыйын соңунда КМШда кызматташууга байланыштуу сунуштар кабыл алынып, ал КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин март айында боло турган кеңешинин кароосуна коюлат.

XS
SM
MD
LG