БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаев Түркиялык ишкерлердин тобу менен жолукту. Анда алардын Кыргызстанга инвестиция жасоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болду. Николай Танаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы сооданын көлөмү тийиштүү деңгээлге көтөрүлбөй жатканына өкүнүчүн билдирди. Эки өлкөнүн премьер-министрлери бир жылдык сооданын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү максатын алдыга коюшкан. Бирок, ал 30 миллион доллардын тегерегинде калууда. Түркия ишкерлеринин делегациясынын башчысы, Түркия ишкерлеринин «Хүрсиад» ассоциациясынын президенти Доан Кайнак Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, инвестиция салуу маселесин кароого түрк ишкерлери даяр экенин билдирди.