Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

«Нарынгидрокурулуштун» сатылышына парламент каршы


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитети «Нарынгидрокурулуш» ишканасынын сатылышынын мыйзамдуулугун караган жыйын өткөрдү. Талкуунун акырында комитет “маселе палатада каралсын жана Эл өкүлдөр жыйыны да ишкананын сатылышынын мыйзамдуулугун териштирсин” деген чечим кабыл алды. Мыйзам чыгаруу жыйыны бул ишканага байланышкан маселени өткөн жылдын 30-декабрында карап, “«Нарынгидрокурулуш» ГЭСтерди кура турган стратегиялык маанидеги жалгыз ишкана болгондуктан, жеке менчикке сатылбасын” деген токтом кабыл алган. Ал эми Mамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү ишкананы сатуу менчиктештирүүнүн 2001-2003-жылдардагы программасына мурда эле киргизилгендигин жана бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жоктугун билдиришти. Ишканананын 31% акциясын «Нэман» аттуу компания январь айында 72 миллион сомго сатып алган.

XS
SM
MD
LG