Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Шералы Назаркуловду эскерүү жыйыны өтмөкчү


БИШКЕК. 7-февралда Бишкекте мындан эки жыл мурун саясий ачкачылык кармоо учурунда каза тапкан Шералы Назаркуловду эскерүү жыйыны өтөт. Бул тууралуу иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун мүчөсү Алмаз Эркебаев билдирди. Анын айтымында, учурда Шералы Назаркуловдун эмгектерин, маалымат каражаттарына чыккан маектери менен макалаларын топтоп китеп кылып чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат. Шералы Назаркулов 2002-жылы Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына каршылык билдирип, ачкачылык жарыялагандар катарында болгон. Акция учурунда мүрт кеткен Шералы Назаркуловго дарыгерлер мээсине кан куюлган деген бүтүм чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG