Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Эл өкүлдөр жыйынына өкмөттүн жаңы структурасын бекитүү сунушталат


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын 6-февралга белгиленген кезексиз 18-сессиясында президент Аскар Акаев кыргыз өкмөтүнүн жаңы структурасын бекитүүнү сунуштайт. Эл өкүлдөрү ошондой эле Нэля Бейшеналиеваны Жогорку соттун төрайымдыгынан бошотуп, анын ордуна жаңы төраганы дайындоо жана Юстиция министрлигине Нэля Бейшеналиеваны дайындоого макулдук берүү маселесин да карайт. Бул маселелер Эл өкүлдөр жыйынынын 18-сессиясынын күн тартибинин долбооруна киргизилген.

XS
SM
MD
LG