Көз карандысыз бул комиссия 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардын чоо-жайын териштирип жатат. Иштин баарын ийне-жибине чейин кең-кесири иликтеп чыгуу үчүн комиссия кошумча дагы эки ай мөөнөт берүүнү өтүнгөн эле. Президент Жорж Буш кечээ бул сунушка макул болду. Комиссиянын отчету 26-июнга даяр болууга тийиш.