Ал курал сатып, баканооздор тобуна жетекчилик кылган. Кармалган адамдын аты-жөнү айтылган жок, америкалык командачылык анын жардамы менен Иззат Ибрагим ал-Дуринин изине чыкканга үмүт кылууда. Саддам Хусейндин жакын адамы саналган ал-Дуринин дарек-дайыны жөнүндө маалыматка он миллион доллар байге белгиленген. Ошол эле күнү “Жаиш Ансар ал-Сунна” же Сүннү жааткерлер армиясы деп аталган экстремисттик топ өткөн жекшемби күнү түндүктөгү Эрбил калаасындагы террордук иш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Күрттөрдүн саясий кеңсесинде жарылган бомбадан жүздөн ашуун киши набыт кеткен эле.