Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Балиде террорчулукка каршы эларалык жыйын өтүп жатат


БАЛИ. Бүгүн Индонезиянын борборунда 33 мамлекеттин өкүлдөрү Түштүк Батыш Азия жана Тынч океан аймагында террорчулукка каршы күрөш боюнча конференция өтүүдө. Жыйындын катышуучулары террорчулукка байланыштуу маалыматтарды алмашып туруу жана террорчуларды өткөрүп берүү боюнча мунасага келишти. Австралиянын Тышкы иштер министри Александер Доурен Индонезияда Австралиянын көмөгү менен ачылып жаткан антитеррордук борбор жыл аягына чейин ишке киришет деп билдирди. Ошондой эле Александер Доурен Түштүк Азия жана Тынч океан аймагына коркунуч келтирип жаткан Жамаа Ислами террордук тобуна катуу сокку урулганы менен анын жаңы террордук актыларды жасашы мүмкүн деп билдирди.
Балиде 2002-жылы Жамаа Исламиянын колу менен жасалган террордук актыдан 200 киши каза тапкан, анын 88и Австралиянын тургундары болгон.

XS
SM
MD
LG