Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Азербайжандын президенти Орусияга ырасмий сапары менен келди


МОСКВА. Бүгүн Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусияга 3 күндүк ырасмий сапар менен келди. Кечинде ал президент Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу мамилелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бакудагы евразиялык Стратегиялык кызматташтык фондунун жетекчиси - Резат Резакалиевдин айтымында, Ильхам Алиев тышкы саясатты жүргүзүүдө атасы Гейдар Алиевдин жолун жолдоодо:
- Азербайжандын мурдагы президентинин тышкы саясатын плюралисттик деп баалоого болоор эле. Ал АКШ, Орусия жана Ирандын ортосундагы теңсалмакты сактоого аракет кылчу. Ушул өңүттөн алганда, Ильхам Алиевдин Орусияга сапарын атасы Гейдар Алиевдин жолун жолдоо катары баалоого болот.
В. Путин менен И. Алиевдин жолугушуусу маалында эки мамлекеттин кеңири мүнөздөгү кызматташтыгын бекемдеген Москва декларациясына кол коюлушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG