БРЮССЕЛЬ. Кошмо Штаттардын НАТОдогу өкүлү Николас Бөрнс бүгүн “аскердик альянстын Иракта туруктуулукту камсыз кылууга саясий зор ынтаасы бар” деп билдирди. Николас Бөрнстин айтымында, Европадагы НАТОго мүчө бир катар мамлекеттер аскердик альянс Ирактагы жагдайды калыбына келтирүү ишине өз алдынча киришүүсү керек деп эсептейт. Бирок, Бөрнс бул тууралуу азырынча НАТОго мүчө мамлекеттер ырасмий макулдашууга келе электигин билдирди.
Эртең Мюнхенде НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусу өтөт жана анда Ооганстандагы тынчтыкты сактоо боюнча маселе талкууланат. Бөрнстин айтымында, Ирактагы абалды турукташтыруу маселеси НАТОнун июнь айындагы жыйынында каралышы ыктымал.