БИШКЕК. 6-февралда Кыргызстанга Орусиянын Пенза облусунун губернатору Василий Бочкарев иш сапар менен келет. Ал Бишкекте премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулайт. Василий Бочкарев 8-февралга чейин созулуучу сапары учурунда Кыргызстандын Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк, Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов менен жолугушат. Андан сырткары ал «Бишкек эт» комбинатында, «Айдан-Фарма» акционердик коомунда жана Бишкек машина куруу заводунда болмокчу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты.
Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты
Редактор – Бакыт Аманбаев
Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты
Редактор – Бакыт Аманбаев