БИШКЕК. Президенттин жардыгы менен биринчи вице премьер-министр Курманбек Осмонов юстиция министрлигинен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Курманбек Осмонов бул кызматка өткөн жылы январь айында дайындалган. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынан алынган маалыматка караганда, Юстиция министрлигине Неля Бейшеналиеванын дайындалышы күтүлүүдө.