Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

«Кемпирабад» суу сактагычынын таасиринен бузулган жерлерди сактоого Өзбекстан кам көрөт


ОШ. Өзгөн районунун Куршаб, Төрткөл, Башдөбө, Жазы айыл өкмөттөрүнүн айыл өсүмдүктөрү эгилчү жеринин 75 гектар аянты Кемпирабад суу сактагычында суунун көп сакталышынан улам бузулуп бараткан. Тиешелүү жерлердеги дренаждарды, коллекторлорду тазалоо, айрым жерлерге аларды куруу милдетин Өзбекстан өзүнө алды. Мындай маалыматты Оштогу суу чарба башкармалыгы билдирди. Быйыл төрт чакырым жер тазаланып, ага 200 миң кыргыз сому сарпталат. Ошондой эле Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычында суунун көлөмүн 905 куб метрден ашырбоого милдеттенди.

XS
SM
MD
LG