Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Куштардын сасык тумоосу Кыргызстанда жок


БИШКЕК. Кыргызстандын тоок фабрикаларында канаттуулардын сасык тумоосу жок. Бирок, ал дарттын Кыргызстанга жайылбашы үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Маселен, Айыл, суу жана кайра иштетүү министрлигинин токтому менен Түштүк Чыгыш Азиядан жана Кытайдан тооктун этин, жумурткасын жана тооктон жасалган ар кандай азыктарды алып келүүгө тыйуу салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Садыржан Абдыкеримов бүгүн билдирди. Канаттуулардын сасык тумоосу Азиянын он өлкөсүндө катталган. Оору адамдарга жугуп, андан бир нече адам каза болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG