Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Парламентте мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам талкууланып жатат


БИШКЕК.Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароону улантты. Бул күнү акыркы үч айдан бери талкууланып келе жаткан мыйзам долбоорунун жети беренеси кабыл алынды. Палатада мыйзамдын «Мамлекеттик кызматкер өз милдетин аткарууга зарыл көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү»,- деп жазылган 10-беренеси катуу талаш жаратып, толуктоо үчүн кийинки мөөнөткө калтырылды. Кабыл алынган 9-беренеге ылайык болочок президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш төрагасы жана соттордун жетекчилери мамлекеттик тилде сүйлөп, өз оюн билдирүүгө, жазууга жана эл алдында сүйлөөгө милдеттүү. 11-берене боюнча, бардык документтердин түп нускасы мамлекеттик тилде жазылат. Ал эми 12-беренеге ылайык, мамлекеттик жана расмий иш-чаралар мамлекеттик тилде өтүп, ырасмий тилге дароо которулат.

XS
SM
MD
LG