Жорж Тенеттин айтымында, Ирак айныксыз коркунучтун булагы болгон деп ЦРУ эч качан айткан эмес. Биз дайыма калыс болгонбуз, деп ырастады Тенет. Тенеттин сөздөрүнө ылайык, кыргын куралдарына байланыштуу танык-тастыктардын баарын ирактыктар согуш башталар алдында жана андан кийин жигин чыгарбай жок кылып салышкан, мындай иштер аскери программага тиешеси бар бардык кеңселерде, лабораториялар менен компанияларда такай жүргүзүлүп турган. Бул кокустук эмес, кылдат ойнулган иш болгон, деп белгиледи Тенет.