Түштүк Каролинада сөз сүйлөп, президент Жорж Буш Иракта массалык кыргын куралдары табылбагандыгын моюнга алды, бирок Саддам Хусейн ырайымсыз диктатор катары дүйнөгө чоң коркунуч келтирген деп билдирди. Саддам Хусейндин апааттуу курал түзгөнгө мүмкүндүгү болгонун биз билебиз, деп айтты Буш. Бул үчүн анын адистери, технологиясы болгон. Бул үчүн зарыл болгон бардык инфраструктура түзүлгөн.