ХАНОЙ. Вьетнамдын жетекчилигинин маалыматына караганда, канаттуулар сасык тумоосунун вирусу бүгүн Вьетнамдын чочко фермаларында табылды. Бирок Улуттар Уюмунун өлкөдөгү өкүлдөрү бул маалыматты ырасташкан жок. Изилдөө иштери улантылып жатат. Эксперттердин пикиринде, коркунучтуу вирустун чочколордон табылышы вирустун мутацияланып, оорунун адамдарга жугуу коркунучун кыйла көбөйтөт. Бүгүн Вьетнамда канаттуулар сасык тумоосунан дагы эки киши, 6 жашар кыз менен 24 жаштагы жигит каза болуп, өлкөдө бул оорудан көз жумган адамдардын саны 13кө жетти. Тайландда болсо бул дарттан дагы беш киши көз жумду. Ошентип, оорудан каза болгондордун жалпы саны дүйнөдө 18 кишини түздү.