ТИКРИТ. Анын аралыгында АКШнын Ирактагы аскерлери коалициячыл аскерлерге кол салууларды жасап жатат деген шек менен алты кишини камакка алды. Америкалык аскердик өкүлдүн маалыматына караганда, өткөн түнү Тикритте жасалган рейдде колго түшкөндөрдүн арасында Саддам Хусейиндин режимине көп жылдар бою кызмат кылган эки киши бар.