Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Бүгүн АКШнын чалгындоо кызматынын ишин текшере турган комиссиянын курамы белгилүү болот


ВАШИНГТОН. Бүгүн АКШнын чалгындоо кызматынын Ирактын кыруучу куралдары жөнүндөгү маалыматтын чын-төгүнүн териштире турган атайын комиссиянын курамы белгилүү болот. Американын маалымат каражаттарынын болжолунда, комиссиянын башчылыгына республикалык сенатор Жон Маккейн дайындалат. Бейшембиде Кошмо Штаттардын Борбордук Чалгындоо кызматынын башчысы Жорж Теннет "Ирактын куралдары АКШга түздөн-түз коркунуч жаратууда" деген маанидеги маалыматты өкмөткө эч качан бербегенин айткан. Былтыр март айында Иракка каршы согуш ачканы жатып Буш Ирактын куралдары Америкага чукул коркунуч жаратууда деген аргументти пайдаланган.

XS
SM
MD
LG