МОСКВА. Президент Владимир Путин Россия террорчуларга каршы катаң чара көрө турганына ишендирип, алар менен сүйлөшүп, соодалашууга Россиянын ниети жок экенин билдирди. Жардыруу али иликтенүүдө, бирок Путин ал чечен козголоңчуларынын колунан келгендигин божомолдойт. Чеченстандын президенти Масхадовдун өкүлү Ахмед Закаев козголоңчул чечен өкмөтүнүн бул жардырууга эч тийешеси жок экенин, чечен жетекчилиги террордун кандай болбосун түрүнө каршы экенин билдирди.
- Чечен жумуриятынын президенти жана өкмөтү бул провокация менен эч кандай байланышы жок экенин жана ага окшогон аракеттердин баарын кескин сындай турганын билдирет. Террор биздин ыкма эмес жана коомчулукту коркутуп-үркүтүү жолу менен саясат жүргүзгөндөр эртедир- кечтир темир тордун артына түшөт, - деди Зякаев.