Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Баткенде болду


БАТКЕН. 6-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын Баткен облусундагы иш сапары аяктады. Элчи үч күн ичинде облус аймагын баштан аяк кыдырып, облус менен кеңири таанышып чыкты. Стивен мырза облус губернатору менен жолугушуп, дубандын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат алды. Мындан сыткары облус борборундагы мечитте, ички иштер башкармалыгында, Баткен мамлекеттик университетинде болду. Ошондой эле “Эларалык толеранттуулук үчүн” коомдук фонддун иши менен таанышып, айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Баткендеги "Салам" радиосунда да болуп, жергиликтүү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Элчи Кыргызстандагы жалпы кырдаал, алдыдагы шайлоолор жана Баткен жергесинен алган таасирлери тууралуу сүйлөдү. Элчинин үч күнгө созулган иш сапары 6-февралда Сүлүктү шаарында соңуна чыкты.


Кабарларды даярдагандар - Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров

Редактор - Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG