БИШКЕК. Кыргызстандын Пакистан ислам республикасына болгон 10 миллион АКШ доллар карызын төлөп берүүнүн мөөнөтү узартылды. Мындай чечим Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда Исламабадда түзүлгөн «Экспорттук карыздарды каржылык жөнгө салуу келишими» менен бекитилди. Келишимге ылайык Кыргызстан тарап Пакистанга тышкы карызын үстөк пайызы менен 20 жыл аралыгында төлөп берүүгө тийиш. Алгачкы төлөм 2008-жылдын декабрында, ал эми акыркы төлөм 2023-жылдын июнь айында жүргүзүлөт. Мурдагы келишимге ылайык Кыргызстандын Пакистанга 5 млн. АКШ долларына жакын карызы 2001-жылдын декабрынан 2004-жылдын декабрына чейин төлөнүшү керек болчу.