БИШКЕК. «Премьер-министр Николай Танаев «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунан 102 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү кредитти алууда мыйзам бузуулар орун алган жок. Ар бир атуул катары эле өзүнүн турак-жайга байланыштуу маселелерин чечүү үчүн кредит алууга өкмөт башчысынын моралдык укугу бар», - деди Аскар Акаев. Мамлекет башчы бул пикирин парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Буга чейин айрым укук коргоо жана бейөкмөт уюмдар премьер-министрдин «Улуттук электр тармактары» ишканасынан кредит алгандыгын мыйзамсыз деп, өкмөт башчыны кескин сындашкан. Өткөн жылдын декабрь айында Николай Танаев маалымат жыйынында аталган ишканадан 102 миң доллар өлчөмүндөгү кредит алып, аны 5% үстөк менен кайтарып бергендигин билдирген.