Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Москвадагы жардыруудан кыргызстандыктар жабыр тарткан жок


БИШКЕК. “Москва шаарындагы «Автозаводск» метростанциясына жакын жердеги жардыруудан жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок”. Мындай маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Элчиликтин өкүлдөрү окуя болгон жерге барышып, кырсыктын чоо-жайын көрүп кайтышкан. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу расмий маалымат тараткан жок.
Орусиянын баш калаасындагы «Автозаводск» метростанциясы менен «Павелецкий» станциясынын аралыгында Москва убактысы боюнча саат 8-30 катуу жардыруу болуп, андан 300дөн ашуун адам жаракат алып, 40ка жакын адам набыт болгон. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, жардырууну жанкечти-террорист уюштурушу мүмкүн. Кыргызстандагы Орусия элчилиги менен байланышып жардыруунун негизги себептерин сураганыбызда, элчилик окуянын себептерин таасын айтып бере албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG