Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 19:16

Жогорку соттун жаңы төрагасы дайындалды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары мурдагы юстиция министри Курманбек Осмоновдун Жогорку соттун төрагалыгына дайындалышын колдошту. Курманбек Осмонов президенттин 5-февралдагы жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган. Бирок ал биринчи-вице-премьер-министрлик кызматты да кошо аткарат.

XS
SM
MD
LG