Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Депутаттар кыргыз өкмөтүндөгү өзгөрүүлөрду колдоду


БИШКЕК. Президент А. Акаев Эл өкүлдөр жыйынына өкмөттүн жаңы курамын бекитүүнү сунуштады. Өлкө башчысы экономикалык саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жоопкер болгон бирдиктүү өкмөттүк органды, башкача айтканда, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигин түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалымдады. Бул министрлик азыркы тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин негизинде түзүлүп, ага каржы министрлигинин жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин жана башка ведомстволуктардын айрым структуралык бөлүмдөрү өткөрүлүп берилди. Экономика тармагындагы мындай өзгөрүүнүн себеби жөнүндө президенттин ою мындай болду: - Өзүбүздүн функционалдык талдообуз жана чет элдик көмөк көрсөткөн уюмдардын талдоолору да бул жагдайды ырастады. Көптөгөн экономикалык ведомстволордун ортосундагы функциялардын чачыранды болушу экономикалык саясатты жүзөгө ашыруудагы карама-каршылыкка алып келет экен.
Президент учурда өлкөнүн ички иштер министрлигинин экономикалык кылмышка каршы күрөшүү функциясы жоюлуп, ал милдет каржы полициясына өткөрүлүп берилгендигин билдирди. Эми ички иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү кызматка байланыштуу кылмыштарды гана териштирет. Президент маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияны жана мамлекеттик кызмат боюнча көз карандысыз улуттук комиссия түзүү зарыл деп билдирди. Өкмөттүн структурасындагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү президенттин сунушу депутаттар тарабынан колдоого алынды. Бирок, айрым оппозициячыл саясатчылар бул өзгөрүүлөр олуттуу майнап бербейт деген сын-пикирде.

XS
SM
MD
LG