Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Парламенттин эл өкүлдөр жыйынынын 18-сессиясы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз 18-сессиясы башталды. Анын ишине президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Президент палатанын депутаттарына Жогорку соттун төрайымы Нэля Бейшеналиеваны өз арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотууга жана аны юстиция министрлигинин жетекчилигине дайындоого уруксат берүүнү өтүндү. Депутаттар Нэля Бейшеналиеваны ээлеген кызматынан бошотууга макулдугун беришти. Ал эми юстиция министрлигине дайындоо маселеси кийинкиге калтырылды.

XS
SM
MD
LG