Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү «Кыргыз тарыхынан» мамлекеттик экзамен берет


БИШКЕК. Жогорку окуу жайлардын жана кесиптик атайын окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү үстүбүздөгү жылдан баштап «Кыргыз тарыхы» боюнча мамлекеттик экзамен тапшырат. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Мындай чечим министрликтин коллегиясында кабыл алынып бекитилген. Буга чейин жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү адистиги боюнча жана философия, маданият таануу сабактарынан мамлекеттик экзамен берип келишкен. Ал эми кошуна Казак Республикасынын жогорку окуу жайларында «Казакстандын тарыхы» боюнча төрт жылдан бери, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында «Өзбекстандын тарыхы» үч жылдан бери мамлекеттик экзамен катарында киргизилген.

XS
SM
MD
LG