Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Шералы Назаркуловду эскерүү жыйыны


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Айыл, суу чарба министрлигинин алдында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровду коргоо максатында чыккан саясий ачкалык акциясы учурунда каза болгон Шералы Назаркуловду эскерүү жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңеш депутаттары, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөру, Шералы Назаркуловдун туугандары катышты. Эскерүү жыйынында парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Адахам Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, укук коргоочу Турсунбек Акун жана башкалар сөз сүйлөштү.

2002-жылдын 5-январында депутат Азимбек Бекназаров камакка алынгандыгына байланыштуу укук коргоочулар ачкалык акциясын жарыялашкан. 10-январда башталган бул нааразылык акцияга Шералы Назаркулов 16-январда кошулуп, 22 күндөн кийин ачкалыктан каза болгон. Жыйындын соңунда укук коргоочу Турсунбек Акундун демилгеси боюнча Шералы Назаркулов атындагы коом түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG