Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Тышкы иштер министрлиги уйгурлардын абалы жөнүндө расмий билдирүү таратты


БИШКЕК. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы уйгурлардын абалы жөнүндө расмий билдирүү таратты. Анда соңку жылдары эларалык экстремистчил жана террорчул уюмдар Борбор Азия чөлкөмүндө да активдеше баштагандыгы, 2003-жылдан тарта Кыргызстанда «Хизб-ут-тахрир» уюму экстремистчил, ал эми «Чыгыш Түркстан ислам партиясы» менен «Туркстанды боштондукка чыгаруу» уюму террорчул уюмдар катары таанылып, өлкөнүн аймагында алардын ишмердигине тыйуу салынган.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 1990 жылдан 2002-жылга чейин «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы» Кытай Эл Республикасынын аймагында 200дөн ашуун террорчул актылар жасаган. Анын натыйжасында 160 киши каза болуп, 400дөн ашууну жаракат алган. Чыгыш Түркстанды боштондукка чыгаруу урааны алдында иш алып барган террорчул уюмдар тарабынан Кыргызстандын аймагында да оор кылмыштар жасалган. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ошондой эле Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда коопсуздук, коргоонуу жана тартип коргоо тармактарындагы эки тараптуу кыматташтык өнүгүп жаткандыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG