Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Президенттин өкмөт башчысын колдоого алгандыгы нааразылыкты пайда кылууда


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин өкмөт башчысы Николай Танаевдин «Улуттук электр тармагы» акционердик коомунан 102 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү үстөк пайызы жок ссуда алгандыгын жактагандыгы өлкөдө жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ири көлөмдөгү кредиттерди алууга жол ачат. Мындай билдирүүнү бүгүн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы жана Кыргызстан укук коргоо кыймылы таратты. Президент Аскар Акаев 6-февралда парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз сессиясында Николай Танаев да ар бир атуул катары эле өзүнүн турак-жайына байланыштуу маселелерин чечүүгө жана кредит алууга укуктуу деп маалымдаган. Ал эми республикадагы бир катар укук коргоо жана бейөкмөт уюмдар премьер-министрдин «Улуттук электр тармагы» акционердик коомунан 102 миң доллар өлчөмүндөгү кредит алгандыгын мыйзамсыз деп, сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG