БИШКЕК. Эгерде биз өндүрүлгөн таварларды экспорттой албасак, экспорттун көлөмүн 10% жеткирбесек республикада эч кандай экономикалык өнүгүү болбойт. 2000-2001-жылдарга салыштырмалуу экспорттун көлөмү кыйла азайып кеткен. Бул тууралуу президент Аскар Акаев бүгүнкү өкмөт жыйынында маалымдады. Президент эркин экономикалык аймактардын мамлекеттик бюджетке салым кошпой салыктан качып, мыйзам бузууларга барган фактыларын сынга алды. Президенттин айтымында, айыл чарбасында олуттуу кемчиликтерге жол берилген. Министрликтер берген отчетторунда кошуп жазуу, жалган цифралык маалыматтар берилген учурлар кездешет. Ал эми өткөн жылы уюшулган Абийирдүү башкаруучулар кеңеши алгылыктуу иш алып баралбай жатат. Өлкөдө коррупция күч алып, ага каршы тиешелүү министрликтер тарабынан катуу иш-чаралар көрүлбөй келет.