Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Президенттин администрация башчысы дайындалды


БИШКЕК. Президент А.Акаевдин 7-февралдагы жарлыгына ылайык президенттин администрация жетекчилигине Чүй облусунун мурдакы губернатору Тойчубек Касымов дайындалды. Бул тууралуу президент Аскар Акаев өкмөттүк жыйында жарыялады. Президент бир катар министрликтерде өзгөрүүлөр болоорун, ал маселелер март айында өтүүчү Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясында каралаарын билдирди. Президенттин жарлыгы менен Билим берүү министрлигинен маданият тармагы өзүнчө мамлекеттик маданият жана тил комиссиясы болуп бөлүнгөнүнө байланыштуу Билим берүү министринин убактылуу милдетин Ишенгүл Болжурова аткарат.

XS
SM
MD
LG