Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн франциялык дипломат Жан Арнону өзүнүн Ооганстандагы атайын өкүлү кылып дайындады. Эки жыл бою Аннандын Ооганстандагы өкүлү болуп иштеген Лахдар Брахими январ айында баш катчынын атайын кеңешчиси болуп дайындалган.