Маскөөдө үч күн болгон Азербайжандын президенти Илхам Алиев бүгүн журналисттер менен жолугуп, Орусия менен Азербайжан ортосунда чечилбеген бир да маселе калган жок деп билдирди. Анын айтымында, Каспий деңизинин макамы боюнча дагы Маскөө менен Бакы бир пикирге келди. Каспийдин байлыктарын бөлүшүү боюнча Азербайжан, Казакстан жана Орусия бир тарапта, Иран менен Түркмөнстан болсо аларга каршы.