Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

Бүткүл Америкалык эркин соода аймагын түзүү сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктады


Мексиканын Пуэбло шаарында төрт күнгө уланган эл аралык конференция кечээ күнү аяктады, бирок Түндүк жана Түштүк Америкада эркин соода аймагын түзүү маселеси азырынча чечиле элек. Андай эркин соода эрежелерин киргизүү демилгеси 1998-жылы көтөрүлгөн жана мурдагы сүйлөшүүлөр боюнча, аймак 2005-жылы түзүлмөк. Аргентинанын тышкы иштер министринин орун басары Мартин Редрадонун айтымында, талкуу эмки айда уланат. Негизги араздашуу - айыл чарба фермерлерине өкмөттүк колдоо көрсөтүү маселесинен чыгууда.

XS
SM
MD
LG