Иран президенти Мохамад Хатаминин айтымында, 20-февралда өтө турган парламенттик шайлоо адилеттүү боло албайт, анткени эки миңге жакын талапкер шайлоодон четтетилген. ИРНА маалымат агенттигинин кабарына караганда, Хатами менен парламент спикери Махди Карруби аятолла Али Хаменеиге кат жолдоп, талапкерлерди шайлоодон четтетүү дагы эле уланып жаткандыгын билдирди. Анткен менен президент да, спикер дагы шайлоону кийинкиге калтырууну талап кылган жок. Шайлоого ким катышаар-катышпасын - аятолла Хаменеи дайындаган Көзөмөл кеңеши чечет.