Мындай арыз менен аларга кечээ Иван Рыбкиндин үй –бүлөсү кайрылды. Рыбкиндин жубайынын айтымында, ал өткөн бейшембиден бери дайынсыз, үй-бүлөсү же кызматташтары менен байланышкан эмес. Москванын милициясы Рыбкинди кимдир бирөөлөр уурдаганы же ал кандайдыр бир кылмышка кабылганы тууралуу маалымат азырынча жок экенин билдирди. Орусия Думасынын мурдагы спикери Иван Рыбкин президент Путиндин дарегине сын айтып жүргөн саясатчылардан жана 14–мартка белгиленген президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышып жаткан.