Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

АКШнын президенти Ирактагы операциянын тууралыгын кайрадан коргоду


Жорж Буш сейрек берүүчү телеинтервьюларынын кечээгисинде билдиргендей, Иракка кол салуу жөнүндөгү чечим өтө ишенимдүү делген чалгын маалыматтарынын негизинде кабыл алынган:
- Мен чечимди мүмкүн болгон чалгын маалыматтарынын: бир нече жылдап чогулган, биздин гана эмес башка өлкөлөрдүн аналитиктери да туура деп ойлошкон чалгын маалыматтарынын негизинде кабыл алгам.
АКШнын президенти азыр Иракта негизги аскерий операциялар аяктангандан бери да жапырт кыргын салуучу куралдар табылбаганы үчүн сынга алынууда. Буш Эн-Би-Си телеканалына берген маегинде бул факт туура экенин белгиледи, бирок анын айтымында Саддам Хусеинде жапырт кыргын салуучу куралдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү болгон.

XS
SM
MD
LG