Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Иракка каршы согуш ачуу чечимин кайрадан коргоду. Буштун жекшемби күнү Эн-би-эс телеканалына берген интервьюда айтышынча:
- Мен чечимди мүмкүн болгон эң жакшы чалгындоо маалыматынын негизинде кабыл алганмын. Ал чалгындоо маалыматтары бир нече жылдар бою топтолгон. Чалгындоо маалыматтары биздин өлкөдө жана башка өлкөлөрдө чогултулуп, ишеничтүү болгон.
Буштун айтымында, Иракта кыргын салчу куралдардын табылбаганы “туура эле”. Анткени, “Саддам Хусейнде кыргын салчу куралы болбогону менен, андай куралды жасоо мүмкүнчүлүгү бар эле”.