Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Пакистан: Өзөктүк технологиянын чыры али токтой элек


Пакистан бийликтери маалымдаганга караганда, атомдук куралга байланыштуу жашыруун маалыматтарды чет өлөлөргө берүүнү тергөө али уланууда.
Жекшемби күнү президент Первез Мушарраф Пакистан аскерий максатта колдонулуучу өзөктүк технологияны жайылтпасын жана өлкөдөн өзөктүк технологияга тиешелүү жашыруун маалыматтардын чыгышына тыйуу салынаарын билдирген.
Мушарраф мындай билдирүүнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен телефондон баарлашып жатып жасаган.
Пауэлл өзөктүк технологияга байланыштуу жашыруун маалыматтарды Ливия, Түндүк Корея жана Иранга мыйзамсыз берилүүсүн Пакистан бийликтеринин ыкчам изилдегени үчүн Мушаррафка ыраазылык айтты.
“Пакистандын атомдук бомбасынын атасы” катары белгилүү Абдул Кадыр Хан жашыруун маалыматтарды таратканын мойнуна алгандан кийин, өткөн жумада президент Мушарраф илимпоздун айыбын кечирген болчу.

XS
SM
MD
LG