Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Дүйшөмбү күнү Москва аза күттү


Бүгүн Россиянын байтакты Москванын тургундары өткөн жумада шаардык метродо болгон террордук жардырууда өлгөн 39 адамды эскерип аза күтүштү.
“Аза күтүү күнүнө” байланыштуу Москванын өкмөттүк мекемелери мамлекеттик желектерди ылдый түшүрүшүп, телеканалдар оюн-зоок программаларын көрсөтүшпөдү.
Жардырууда жарадар болгон 100дөн ашуун адам дале ооруканада жатат. Бир кишинин абалы өтө оор.
Москванын прокурору Анатолий Зуев метродо бомбаны “жанкечти жардырды” деген ишеничте. Бирок, тергөөчүлөр кырсыкка “жардыруучу заттарды мыйзамсыз ташуу себеп болбодубу?” деген версияны да иликтешүүдө.
Президент Путин бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти чечен жикчилерине жүктөгөн. Чечен адватчылары Путиндин айыптоосун куру доомат катары четке каккан.
Метродогу жардыруудан улам Москванын темир жол бекеттерин полиция менен аскерлер күзөтүп, жолоочулардын документтери текшерилүүдө.

XS
SM
MD
LG