Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Сокулуктагы Кызылтуу орто мектебинде ички иштер кызматкерлери жолугушуу өткөрдү


ЧҮЙ. Аталган жыйынга ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Чүй облустук ички иштер башкармасынын башчысы Эркин Кангелдиев жана Кызылтуу айылынын 300гө жакын жашоочусу катышты. Жыйындын негизги максаты-кылмыштуулукка каршы айыл өкмөтүндө буга чейин жүргүзүлгөн күрөштүн натыйжасын талкуулап, мындан аркы иштерди жүргүзүү үчүн эл менен кеңешүү болчу. Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөттүн ички иштер тармагын көзөмөлдөгөн кызматкери Исмаил Фаратов өткөн жылы 217 арыз катталганын, 115 кылмыш иши козголгондугун, анын ичинен жүзүнүн бети ачылгандыгын билдирди. Бирок, Исмаил Фаратовдун ал маалыматына эл канаттанбай, нааразыланган суроолорун беришти. Аягында Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Кангелдиев элди кылмышка каршы күрөшүүгө үндөп, кылмыштын азаюусу элдин аракетине байланыштуу экенин белгиледи.

Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров даярдашты

Редактор – Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG